Кармалган депутаттарды коргоо үчүн “Ата Журт” фракциясы 4 коомдук адвокатты тандап алды

Бишкекте бүгүн, 29-ноябрдагы фракциялык жыйында кармалган депутаттарды коргоо үчүн “Ата Журт” партиясы 4 коомдук адвокатты тандап алды. 
Кабыл алынган чечим боюнча кармалган депутаттардын кызыкчылыгын фракциянын лидери Мыктыбек Абдылдаев, депутаттар Курмантай Абдиев, Марат Султанов жана Улукбек Кочкоровдор коргойт. 
“Биз тиешелүү органдарга кайрылып, соттук отурумдарга катышууга тоскоолдук кылбашын суранабыз” деп кошумчалады Мыктыбек Абдылдаев. 
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелерине ылайык Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековду 20-ноябрда камакка алган. 
22-ноябрда Октябрь райондук сотундагы депутаттын баш коргоо чарасы боюнча соттук отурумуна депутаттар киргизилген эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан