Апасына болушам деп жаранды бычактаган өспүрүм: Акыйкатчы анын апасына жолукту

Бишкекте апасына болушам деп кол салган жаранды бычактаган өспүрүмдүн апасына юстиция министри жолукту. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Үй-бүлөсүн коргоп мас адамга кол көтөрүп, камакка алынган 16 жашар өспүрүмдүн апасы менен 28-май күнү юстиция министри Аяз Баетов менен чогуу жолуктук.

Мен демилге көтөрдүм, себеби өспүрүмдү коргоп жатам, коргойм дегендер көп болгону менен апасы биздин Акыйкатчы институтундагы кызматкерибизге такыр башкача маалымат берип турган. Мындай баш аламан маалымат кезде юстиция министри менен окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өз оозунан болгон окуянын баарын уктук. Мамлекет тараптан кепилденген акысыз, балдар укугун жактоодо тажрыйбасы бар адвокат бүгүн, дүйшөмбү күнү Юстиция министрлиги тараптан расмий бекитилмей болду. Юстиция министри Аяз Батыркулович дагы бир ирет ишти жеке көзөмөлүнө алганын ырастады. Буга чейин бул иш менен иштеген адвокаттын иш-аракетине да министрлик баа беребиз деп убада кылышты. Министрлик тараптан бекитилген адвокаттын ишине биз, акыйкатчы катары текшерүү жүргүзөбүз.

Акыйкатчы аппараты болгон окуяны иликтеп, милиция, сот кабыл алган чечимдерин талдап, өспүрүмдүн апасынан маалымат алып 16 жаштагы өспүрүмдүн камакка алынышы - одоно мыйзам бузуу деп таптык", - деп жаган акыйкатчы.

Ошондой эле ал тиешелүү кызматтарга кат жолдоп, өспүрүмдүн бөгөт коюу чарасын тез арада өзгөртүүнү жана камактан чыгарууну талап кылганын жазган.

"1-июнь - Балдар укугун коргоо күнү апелляциялык сот отурумунун болушу күтүлүүдө. Мамлекеттик органдардын биргеликтүү, так иштөөсүндө гана балдар укуктары корголот", - деп кошумчалаган Атыр Абдрахматова.

Маалымат үчүн: мыйзамга ылайык, ар бир жаран жазык органдары тарабынан кармалган учурдан тартып мамлекеттин эсебинен адвокаттык жардам алууга укуктуу.

Жактоочуну дайындоо кызматтын координаторунун чечими менен тиешелүү арызды алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат. Жардам алуучу (анын жакын туугандары) координаторго арыз менен түздөн-түз же белгиленген тартипте жазык органдары же сот аркылуу кайрылууга укуктуу.

Белгилей кетсек, өспүрүм бала ден соолукка залал келтиргенге шектелип кармалып, соттун чечими менен Чүй облусундагы №14 балдар колониясына бир айга камакка алынган. Кийинчерээк укук коргоочу шектүү коё берилиши керектигин айтып чыккан. Андан кийин өспүрүмгө жактоочу берилерин Юстиция министрлиги маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан