Өкмөт үйүнүн алдында кичи бизнес ээлери митингге чыгышты. Алар контролдук кассалык машина орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранып чыгышкан.
"Биз ККМ аппараттарды орнотууну каалабайбыз", - деди соодагерлердин бири.
Белгилей кетсек, жаңы Салык кодексинин долбоору боюнча, "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилген.