Дүйнөдөгү эң узун көпүрө Вьетнамда ачылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттарында жазылды.
Басылмаларда жазылгандай, “Bach Long” (чоң ажыдаар) деген аталыштагы уникалдуу курулуш Сон-Ла провинциясында жайгашкан. Көпүрө 150 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 632 метрди түзөт.
Иштеп чыгуучулардын айтымында, көпүрө ишенимдүү жана 450 адамга чейин туруштук бере алат.
Аталган көпүрө "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.