Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов медицинага кошкон салымы үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медаль менен сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлыкты Акрамовго бүгүн, 30-май күнү Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова тапшырган. Ал эми скульптор Садабек Аджиев тарабынан хирургдун бюсту жасалган. Ал Чүй облустук бириккен ооруканасына коюлат.