Гэллапа институту 40 жылдан ашык изилдөөлөр боюнча эң бактылуу өлкө бай жана өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирбей турганын аныктаган. Төмөндө бактылуу адамдар жашаган 3 өлкө тууралуу кызыктуу маалыматтар.
Финляндия
Бириккен Улуттар уюму 2020-жылдын статистикасы боюнча Финляндияны эң бактылуу адамдар жашаган өлкө деп тапкан. 2010-жылы “Newsweek” журналынын версиясы боюнча «Дүйнөнүн эң мыкты өлкөлөрүнүн» тизмесинде биринчи орунда. 2011-жылдан 2014-жылга чейин Американын Тынчтык фонду Финляндияны "дүйнөдөгү эң туруктуу өлкө" катары баалаган. Жашоочуларынын саны 5 миллиондон ашат.
Исландия
Бактылуулук жөнүндө ой жүгүрткөндө чексиз жамгырлары менен белгилүү болгон бул кичинекей өлкө биринчилерден болуп эсиңе келери анык. Таң калычтуусу бул суук жана булуттуу өлкөдө жашагандар дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардын катарына кирет. Болгону 300 миңдей адам жашайт. Алар көбүнчө мал багып, балык өстүрүп, соода-сатык менен алектенишет.
Дания
Үчүнчү орунда Дания турат. Анда эч ким эч качан сиздин жеке чектериңизди бузбайт, тактыксыз жеке суроо бербейт. Ар бир бала каалаган маселе боюнча өз оюн эркин айтып, чоңдор менен баарлашууга тең укуктуу катышат. Бул жерде балдарга физикалык жана эмоционалдык зомбулук дээрлик жок. Ошондуктан Данияда апасы балага эл алдында кыйкырып же ур-токмокко алган жагдайга күбө болуу мүмкүн эмес. Даниялыктар кымбат унаа же телефон сатып алууга, кымбат кийинүүгө ыкташпайт.