Борбор калаада гимнастика боюнча сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинде спорттук гимнастика боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өттү. Мелдешке спорт чеберлеринин, спорт чеберлигине талапкерлердин, ошондой эле чоңдордун 1, 2, 3-разряддарынын программалары боюнча кыздар жана балдар катышты.
Мелдешке жалпы 38 адам катышты. Иш-чаранын максаты - спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу, күчтүү спортчуларды аныктоо жана тарбиялык иштердин жыйынтыгын чыгаруу болуп саналат.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.