Жоомарт Оторбаев: “Экономикабыз 10 пайызга өстү, бул реформа жүрүп жатканын билдирет”

“Өкмөт таптакыр реформа жасабай жатат" дегенге кошулбайм. Бир топ иштер жасалып жатат”,- деди “Республика” фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Айтымында, өлкөгө инвестиция тартуу активдешип, экономика өсүүдө. 

“Качан, кайсы өкмөттүн тушунда көп кабаттуу 100 үй курулду эле? Бул - 3-4 миллион долларлык инвестиция. Экономика 10 пайызга өстү, бул иш эмеспи?”,- дейт Оторбаев. 

Айта кетсек, жыйында депутат Нурбек Алимбеков өкмөт реформа жасабай жатат деп сындаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан