Бишкекте дүкөндөн таанышпай койгону үчүн эркек киши кызга кол салды

Бишкекте супер маркеттен таанышпай койгону үчүн эркек киши кызга кол салды. Маалыматты Октябрь РИИБи тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

28-май күнү Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кыз киши кайрылып, ошол күнү түнкү саат 03:20 чамасында Бишкек шаарындагы супер маркеттердин биринен белгисиз эркек киши эч кандай себеби жок кыздын денесине жаракат келтирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1982-жылы туулган жаран кармалган. Тийиштүү тергөө иштери башталып, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин бошотулган", - деп жазылат маалыматта.

Айрым массалык маалымат каражаттары шектүү кызга аны менен таанышпай койгону үчүн кол көтөргөнүн жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан