Парижде жайгашкан Лувр музейиндеги Леонардо да Винчинин белгилүү "Мона Лиза" аталышындагы сүрөтүнө эркек киши торттун кесиндисин ыргытты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, социалдык тармактарда картинанын айнеги торт менен булганган видеороликтер тарап кеткен. Интернет колдонуучулары эркек кишинин торт ыргытып жатканын көргөндөрүн жазышкан. Айрым видеолордо музейдин коопсуздук кызматкерлери окуяга жооптуу адамды майыптар отуруучу арабада коштоп жүргөнүн көрүүгө болот. Француз тилинде сүйлөгөн адам кийин арабадан түшүп өзү басып кеткен.
“Жер тууралуу ойлонгула. Жерди бузуп жаткан адамдар бар. Ушуну ойлонгула. Сүрөтчүлөр, жер жөнүндө ойлонгула. Мына ушул үчүн кылдым. Планета тууралуу ойлонушубуз керек”,- деген ал.
Бул окуя дем алыш күнү болгон.