Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде, "Камбар-Ата 1" ГЭСин куруу боюнча пикирин билдирди.
"Камбар-Ата 1" ГЭСин өз күчүбүз менен курсак деле күчүбүз жетет. Бирок көп убакытты, көп каражатты талап кылат. Ошондуктан быйыл платина курулчу жерге чейинки жолду өз күчүбүз менен куруу иштерин жакында баштайбыз. Ал эми ГЭСти куруу иштерине коңшу Өзбекстан менен Казакстан дагы кошуларын билдиришти. Азыр үч тараптын катышуусунда Техникалык экономикалык негиздемеси иштелип жатат. Бир-эки жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Эгер дагы башка инвесторлор “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга катышабыз десе, тараптар менен макулдашып, кошуп алууга даярбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын колдонууга гана керек. Суусун колдонуу Өзбекстан менен Казакстанга көбүрөөк керек. Ошондуктан эки өлкө тең бул ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы жакшы болот", - дейт Садыр Жапаров.