Акыйкатчы Сузакта мугалим кол көтөргөн окуучу кыз боюнча маалымат берди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалим урган окуучу баш мээсинен жаракат алган. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова маалымат жыйында билдирди.

"Окуя 23-майда орун алып, 25-майда гана белгилүү болгон. Социалдык тармакка окуучулар тарткан видео тарап кеткен. Укук коргоо органдары жерине барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Окуучу кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тарткан. Мугалим кечирим сурап, кызматынан кетем деп арыз жазган болчу. Көп узабай кыз өзүн жаман сезгенине байланыштуу ооруканага жаткырылган. Ал жакта апасы мыйзамга ылайык арыз жазып берген. Кызга алгач баш мээсинен жаракат алган деген диагноз коюлган. Мындан тышкары денесинде көк ала тактар болгон", - деген акыйкатчы.

Маалымат үчүн:

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болгон. Көп өтпөй ИИМ окуянын чоо-жайын айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан