Ысык-Көлдө милиция жайкы туристтик мезгилге кызуу даярдыктарды көрүүдө

Жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү, эс алуучулардын ыңгайлуу эс алуусун камсыздоо үчүн “Курорт-2022” комплекстүү иш-мерчеми иштелип чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ысык-Көл облусунун аймагында 700гө жакын курорттор, эс алуу үйлөрү, туристтик лагерлер, балдардын эс алуу борборлору бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районунун аймагында жайгашкандыктан Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында коопсуздукту камсыз кылууга бекитилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү үчүн убактылуу штаб түзүлдү.

Маалыматта облустук милициянын миңден ашуун кызматкери эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөшөрүн, ошондой эле милициянын ишине жардам иретине ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү да тартылары айтылат.

“Кылмыштар жана окуялар боюнча түшкөн арыздарга Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн беш айылдык милиция бөлүмчөсүндө экиден милициянын мобилдик топтору күнү-түнү нөөмөттө турушат”, - деп билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 50гө жакын посттор орнотулуп, инспекторлордун 3 нөөмөттүк иши уюштуруларын, тоодогу туристтик каттамдарда милициянын 3 убактылуу таяныч пункттары иш алып барышарын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан