
Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-май күнү өткөн маалымат жыйында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы
Чинара Бекбасарова айтты.
Бекбасарованын айтымында, былтыр, 2021-жылдан бери өлкөдө эркектердин арасында тамеки тарткандардын саны азайып, аялдар менен кыздардын арасында тамеки тарткандардын саны өскөн.
“Насвайды аялдар 7 эсе, эркектер 3 эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир берип жатат”, - деди ал.