ЭЛДИК КАБАР: "Туристтер токтоп, бирок кирбей кетишти". Нарынга бара жаткандагы дааратканалардын абалы (фото)

SUPER.KG порталына окурман Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы дааратканалардын абалы киши кире алгыс экенин айтты.

Окурман бул дааратканалар Нарынга бара жаткандагы Кубакы жана Долон ашуусунда жайгашканын айтты.

"Бишкектен Нарынга бара жаткандагы дааратканаларды ким көзөмөлдөйт? Дааратканалардын ичине кирмек турсун, жанына жакын бара албайсың. Мен Нарындан Бишкекке бат-баттан каттап турам. Кубакы жана Долон ашуусундагы дааратканалардын абалы мышык ыйлагыдай, тазалык деген такыр сакталган эмес. Ичине кирбей деле калышкан. Өткөндө Кубакы ашуусундагы дааратканага туристтер токтоп, бирок ичиндеги тазалыгынын начардыгынан кирбей кайра эле кетишкенин өз көзүм менен көрүп, уялдым.

Албетте, ар бирибиз таза болушубуз керек. Бирок ар кандай адамдар бар да. Ушул дааратканаларды көзөмөлдөп, тазалап турганга жооптуу мекеме барбы?", - деди окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан