Бишкекте бүгүн, 29-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев
“2014-жылы алтындын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын казынасына 1 миллиард сомго жакын каражат түшпөй калуусу мүмкүн” деп билдирди.
Анын айтымында, алтындын баасынын төмөндөшү киреше бөлүгүнүн кыскарышынын ири
тобокелдиктеринин бири болуп саналат.
“Өткөн жылы биз алтындын 1 унциясы 1 миң
750 доллар болорун болжолдогонбуз. Учурда бул көрсөткүч 1 миң 240 долларды
түзөт. Быйыл болсо ушул эле сумманы көрсөтүп жатабыз”,- деди Оторбаев.
Ал 2014-жылы казынанын киреше бөлүгү 106,6 миллиард сомго божомолдонуп жатканын белгилеп өттү.