
"Кыргызпатенттин" сайтына сойкулардын тизмеси чыккандан кийин аталган ишкананын басма сөз кызматы сайт бузулгандыгын билдирди.
"Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
patent.kg сайтынын коопсуздугу бузулгандыгын билдиребиз. Азыркы учурда техникалык колдоо кызматкерлери аталган жагдайды териштирүүдө. Кенен маалыматты кийинчерээк жайгаштырабыз", - деп билдиришти "Кыргызпатенттен".
Бүгүн, 30-майда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат
Аида Исатбек кызы "Кыргызпатенттин" расмий сайтында сойкулардын тизмесинин шилтемеси
жайгаштырылганын айткан.