Ысык-Көлдүн Барскоон айылындагы жайлоодо калың жааган кардан улам кийиктер унаа жолго чейин чыгып кетишти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, видео бүгүн, 30-майда Барскоондогу Ак-Шыйрак жайлоосунда тартылган. Анда жайлоого калың кар жаап, анын кесепетинен кийиктер унаа жолго чыгып алышкан.
Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары кийиктер ачка болгонунан унаа жолуна чыгып алганын, аларга жем, чөп берүү керектигин жазышууда.