Маймыл чечек оорусунан алгачкы бейтап каза болду

Нигерияда ушул жылдын жаз айында эпидемия башталгандан бери маймыл чечек оорусунан алгачкы бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон бейтап 40 жашта болгон. Ал буга чейин башка оору менен ооруп, иммунитетти төмөндөткөн дары ичип, андан кийин маймыл чечек оорусун жуктуруп алган. Белгилүү болгондой, иммунитети төмөндөгөн адамдардын маймыл чечек оорусуна чалдыгуу коркунучу бар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, буга чейин дүйнөнүн 23 өлкөсүндө маймыл чечек оорусунун 257 учуру катталган. Ошондой эле 120 адамдан бул оорунун белгилери байкалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан