Бишкекте апасына болушам деп кол салган жаранды бычактаган 16 жаштагы өспүрүм үй камагына чыкты. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук соту апасын мас адамдан коргогон 16 жаштагы өспүрүмдүн баш коргоо чарасын өзгөрткөн.
Маалымат үчүн: Мыйзамга ылайык, ар бир жаран жазык органдары тарабынан кармалган учурдан тартып мамлекеттин эсебинен адвокаттык жардам алууга укуктуу.
Жактоочуну дайындоо кызматтын координаторунун чечими менен тиешелүү арызды алган учурдан тартып жүзөгө ашырылат. Жардам алуучу (анын жакын туугандары) координаторго арыз менен түздөн-түз же белгиленген тартипте жазык органдары же сот аркылуу кайрылууга укуктуу.
Белгилей кетсек, өспүрүм бала ден соолукка залал келтиргенге шектелип кармалып, соттун чечими менен Чүй облусундагы №14 балдар колониясына бир айга камакка алынган. Кийинчерээк укук коргоочу шектүү коё берилиши керектигин айтып чыккан. Андан кийин өспүрүмгө жактоочу берилерин Юстиция министрлиги маалымдаган.