Санкт-Петербургда Кыргыз жаранынын өгөй кызын зордукташы: Элчилик нота жөнөттү

Санкт-Петербургда өгөй атасы тарабынан 6 жылдан бери сексуалдык ыдык көрсөтүүгө дуушар болгон 16 жаштагы кыздын окуясы боюнча элчилик тиешелүү тараптарга нота жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Элчиликтин канцеляриясы тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө, Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдары, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары, ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөтүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин көзөмөлүндө.

Буга чейин Санкт-Петербургда Кыргыз жараны өгөй кызын 6 жылдан бери зордуктап жүргөндүгү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан