Коомдук жайлардагы тамеки чегүүгө тыюу салган белгилер алмаштырылат

Өлкөнүн коомдук жайларында тамеки чегүүгө тыюу салынганы жөнүндө белгилер жаңыланат. Бул туурасында маалымат жыйында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин 13-беренеге (Жаңы мыйзам) ылайык, коомдук жана иш жайларда бир гана тамекини тартууга эмес, кальян , электрондук тамекилерди жана ысытылган тамеки буюмдарын колдонууга дагы тыюу салынганы жазылган.

"Эми жаңы белгилер иштелип чыкты. Жакында белгилерди киргизе баштайбыз жана алар коомдук жайлар деп эсептелген жерлерге илинет", - дейт адис.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 15-сентябрда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамга кол коюп, негизги нормалары күчүнө кирген.

Бүгүн, 31-май тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан