Каракол шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, Каралькова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичинде төшөнчүлөр күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1937-жылы туулган Ф.В. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.