Каржы министрлиги: “2014-жылы инфляциянын деңгээли болжол менен 8 пайызга чейин өсөт”

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги 2014-жылы инфляциянын деңгээли 8 пайызга чейин өсүшүн божомолдойт. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрдагы “Республика” фракциясынын жыйынында аталган мекеменин башчысынын орун басары Таалай Таткулов билдирди. 
Анын айтымында, 2015-жылы инфляциянын деңгээли 7,8 пайыз, 2016-жылы 7,9 пайызга чейин өсүшү болжолдонууда. 
Мындан сырткары министрдин орун басары 2014-жылы ички дүң продукциянын өсүшү болжол менен 6,9 пайызга жетерин кошумчалады. 
“2015-жылы ички дүң продукциядагы өсүш болжол менен 6,6 пайызды түзсө, 2016-жылы 5,9 пайызды түзөт”,- деди Таткулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан