Биз социалдык тармакта

Бишкекте экинчи жолу эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт

Бишкекте экинчи жолу эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкекте “Наристе” II Эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтөт.

Кеңири масштабдагы иш-чарага Орусия, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан балдар фольклордук топтору катышат.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Иш-чаранын алкагында республиканын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү тартууланат.

Мастер-класстар, ачык асман алдындагы ачык сабактар уюштурулат. Ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик прикладдык искусствонун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда.

Бүгүн, 31-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында өтүүчү расмий ачылышында Казакстандан, Монголиядан, Орусиядан, Алтай Республикасынан, Тува Республикасынан, Санкт-Петербург шаарынан келген командалардын жаркын оюну тартууланат жана албетте, биздин командалар өздөрүн кеңири тааныштырышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан