Ош шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы мекеме-ишканалардын жана башкармалыктардын жетекчилери менен кышка даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө шаар башчы жылуулук жана энергетика тармагынын кызматкерлерине жакшы жаңылык маалымдады.
“Жаңы жылга жакын жылуулук жана энергетика тармагынын мыкты кызматкерлери Ош шаардык мэриясы тарабынан эс алууга курортторго жиберилет. Анткени аткарылып жаткан ар бир мыкты иш-аракеттер бааланышы керек”,- деди шаар башчы.
Мындан сырткары жыйында шаардык жетекчиликтин кабылдамасына кайрылгандардын басымдуу бөлүгү электр эсептегичтердин көрсөтмөсү көбөйтүп жазылып, төлөмдөрү жогорулап жаткандыгы тууралуу арыздангандар экендиги айтылды.