Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 30-май күнү Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-77-чакырымында жана 81-82-чакырымында кар көчкү түшүп, жол каттамын жаап калган.
"Көчкүнү тазалоого №11 Жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылды.
Кечээ аба ырайы өзгөргөнүнө байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу пайда болуп жана көрүү аралыгы төмөндөп калгандыктан саат 17:50дө иш-чаралар убактылуу токтотулду. Бүгүн, 31-май күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.