Ички иштер министрлиги жарандардын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн туристтик мезгилге даярданууда. Аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө коомдук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын деталдуу планы бекитилди.
Маалым болгондой, туристтик мезгилги карата ички иштер органдарынын 4000ден ашык кызматкерин жана 1000ден ашык ыктыярчыны тартуу мерчемделүүдө. Кезметтердин объекттик жайгаштыруусу курорттук - ден соолукту чыңдоочу мекемелердин жана балдар лагерлеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
Кордай (Казакстан) – Бишкек, "Манас" аэропорту – Бишкек, Түндүк айланма жол – Бишкек, Бишкек – Балыкчы – Каракол, Ош – Бишкек, Ош - Чоң-Алай, Ош – Баткен, Бишкек –Торугарт унаа жолдорунда көчмө посттор, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык унаалары коюлат.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган күчтөрдү жана каражаттарды тийиштүү координациялоо үчүн курорттук мезгилде Ысык-Көл районунун Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлөт.
Автотранспорттук колонналарды, расмий делегацияларды, балдарды эс алуу жайларына жана кайра келүүгө коштоо уюштурулат.
Жол-транспорт кырсыктарын талдоонун негизинде негизги унаа жолдордо, көчөлөрдө жана калктуу пункттарда, курорттук зоналарга чектеш аймактарда кайгуул посттордун жана каттамдардын бирдиктүү жайгашуусу иштелип чыгат.
Бишкек – Нарын – Торугарт, Балыкчы - Чолпон-Ата – Каракол, Бишкек – Ош жана "Төө-Ашуу" ашуусундагы күнү-түнү күзөттөр ишке киргизилет.
Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттерине өз убагында бөгөт коюу үчүн туристтик мезгилде Ысык-Көл ОИИБдин начальниктеринен жана кызматкерлеринен турган офицердик кайгуулдар иши уюштурулат.