Саруу эли "мамлекет балыкты, илбирсти коргоп жатат. Каптагаев бизди эзип жатса, коргобойсуңар" деп капа болууда

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы митингчилер менен жолугушту. Жолугушуу тууралуу SUPER.KG порталына “Мамлекет балыкты, илбирсти коргоп жатат. Каптагаев элди  эзип жатса, коргобойсуңар” деп эл капа болду” деп билдирди. 
Анын айтымында, Сарууда чогулган элдин саны 1000ге жеткен. 
“Эл менен фракция депутаттары жолугуштук. Алар тез аранын ичинде Каптагаевди кетирип, элдик губернатор алып келип берүү талабын коюшту. Мындан сырткары "Кумтөр" маселесин элдин пайдасына чечүүнү талап кылышты. Ошондой эле мамлекет балыкты, илбирсти коргоп жатат. Элди Каптагаев эзип жатса, коргобойсуңар. Биз балык менен илбирсче кадырыбыз жокпу?" деп капа болушту”,- деди депутат.
Бактыбек Калмаматов депутаттар эми Каракол эли менен жолугушуу үчүн жөнөгөнүн кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан