Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда калың кар жаап, айылга барчу жол жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу, тактап айтканда Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейинки жол жабылды.
"Себеби аталган аймакта кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда. Учурда жеринде жол тазалоочу ишканадан 1 жүктөгүч тартылып, жол тазалоо иштери жүрүүдө.
Жолго чыгууга камынган айдоочулардын эсине! Жол толук ачылып, кооптуулук жоюлган соң жолго чыгууну сунуштайбыз", - дешет маалымат кызматынан.