"Манас" аба майданынан 2017-жылдан бери өлкөдө мыйзамсыз жүргөн учак табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"S.K.G.A." ЖЧКсына тиешелүү Diamond DA 42М-NG жеңил моторлуу учак 2017-жылдан баштап өлкөнүн аймагында жайгашкандыгы белгиленген. Бажы органдарынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын борбордук маалыматтык базасында 31.03.2022-жылдын абалы боюнча учакка бажылык тариздөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жок. Башкача айтканда, учак бажы жагынан таризделген эмес. Буга байланыштуу «S.K.G.A.» ЖЧКнын иш-аракетинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу белгилери каралат", - деп жазылат билдирүүдө.
Учак үчүн "Убактылуу ташып кирүү" бажы жол-жобосу боюнча тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 миллион 475 миң 810 сомду жана "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосу 8 миллион 237 миң 128 сомду түзгөн.
Бул факты юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.