“Республика” фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “биз тышкы карыздын өлчөмүнөн коркпошубуз керек” ,- деп билдирди. Айтымында, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн деле тышкы карыздары бар. “Орусия 2012-жылы Кыргызстандын 500 миллион доллар карызын кечти. Тышкы карыз ички дүң продукциянын 50 пайызын түзсө бул жаман көрсөткүч эмес. Эгер биздин ички дүң продукциябыз 20 миллиард сомго жетсе, анда тышкы карызыбыз 10 миллиард болсо да коркуунун кереги жок”,- дейт Оторбаев.