SUPER.KG порталынын “Абитуриентке ЭКИ сөз” рубрикасынын маек төрүндө гид кызматын аркалап келе жаткан Нурсултан Эмилбеков болмокчу.
- Кесибиңиздин күнгөй-тескей жактарын айтып берсеңиз?
- Эң эле жакшы жери – кооз жерлерди кыдырасың. Анан, албетте, эмгек акы.
Ал эми жүрүш убагында кооптуу жагдайлар көп эле болот. Өзүм шаарда өскөндүктөн тоого чыгуу мага кыйын болду. Дегеним, жайдын ысыгында туристтерге жол көрсөтүп, бир тилден экинчи тилге которуу жана биздин каада-салттарды туура түшүндүрүп берүү деле жеңил иш эмес. Анткен менен алардын тилин тапканга, өз жерибизди жакшы жактан таанытканга аракет кылабыз.
Өлкөбүздө туризм тармагына көп көңүл бурулбаганы өкүндүрөт. Маселен, туристтердин алдында дааратканалардын, таштанды салуучу урналардын жоктугу ыңгайсыздык жаратат. Эсимде... Бир мейманым бутунан жаракат алган, Соң-Көлдө болчубуз. Тилекке каршы, ал такыр эле шарттын жоктугунан эки күн бою дааратканага бара албай жүрдү. Ошентип башка боз үйгө барганбыз. Мындан сырткары туш келди ыргытылган таштандыдан уяласың. Туристтер менен биргеликте жолду катар таштанды терип чыккан учурлар да болот. Эң кейиштүүсү, таштандыны чет элдиктер эмес, өз элибиздин таштагандыгында. Ошондуктан мектеп программасына экология сабагы кирсе дээр элем.
Ошондой эле кызыктуу окуялар да болуп турат. Бир жолу Соң-Көлгө Парижден туристтер келишкен. Ошол күнү көк бөрү оюну болуп, андан соң куурдак жасалды. Баарыбыз тамактанып отурганбыз, бир убакта эле туристтердин бири тасмалды буту менен басып, үстүнөн өтүп кетсе болобу. Албетте, бул билбестиктен деп эсептейм. Бирок боз үйдө отургандар үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Анткени бизде мындай аракетти туура эмес кабыл алышат.
- Сиздин тандаган кесип менен канча өлчөмдө каражат тапса болот?
- Гид кызматын аркалагандардын бир күндүк тапкан акчасы 15 доллардан жогору, алды 60-70 долларга чейин тапса болот. Негизи тажрыйбадан көз каранды.
- Гид болуу үчүн кайсы сапаттарга ээ болуу керек?
- Биринчи кезекте гид болгусу келген жаштарды спорт менен машыгууга чакырат элем. Анан, албетте, чет тилди өздөштүрүү, өз өлкөңдүн тарыхын, маданиятын мыкты билип, саякатка чыга турган аймак тууралуу маалыматка ээ болуу шарт. Ошону менен катар эле кандай гана маселе болбосун, келип чыккан көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүү, туристке коноктой сый мамиле кылып, анын каалоосуна жараша иш алып барган да маанилүү деп эсептейм. Айта кетчү жагдай, дүйнөлүк саясий аренадагы өлкөбүзгө байланыштуу болгон маалыматтарды туура жеткирүү да чоң ролду ойнойт.