Талибдер Ооганстандын борборун Кабулдан Кандагарга өзгөртүшү мүмкүн

Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы өлкөнүн борборун Кабул шаарынан өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Кандагар шаарына көчүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Ооганстандын мурдагы вице-президенти Амрулла Салех билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Талибан" Ооганстандын борборун эч кандай алдын ала эскертүүсүз эле Кандагарга көчүрүүнү каалап жатат", - деген Салех.

Мурдагы вице-президенттин айтымында, бул чечим менен "Талибан" кыймылы Кабулду административдик борборго айландырууну көздөөдө.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан