Бишкекке БАЭден министр баштаган ишкерлердин делегациясы келди (фото)

Бүгүн, 31-майда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Марри БАЭнин ишкерлери менен чогуу Бишкекке иш сапары менен келди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, БАЭден келген делегацияны “Манас” эл аралык аэропортунан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын БАЭдеги элчиси А.Жумабаев жана БАЭнин Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Саед Аль Арики тосуп алышкан.

Эртең, 1-июнда Бишкекте өтө турган Кыргыз-Эмират бизнес форумуна БАЭнин экономика министри дагы катышат.

Кыргыз-эмират бизнес-форумунда БАЭ жана Кыргызстандын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай сыяктуу секторлордогу алдыңкы компаниялары катышат.

Сапардын алкагында БАЭнин экономика министри министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан