ЖЫЛНААМА: Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү

Бүгүн, 1- июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Көп жылдан бери Кыргыз жарандары жайдын биринчи күнүн балалыктын майрамы катары белгилешет. Баарыбыз үчүн шаттуу күндөрдүн бири болуп калган бул күн салттуу үй-бүлөлүк майрамга айланып, ата-энелер балдарына белектерин арнашат. Бул күндү жыл бою күткөн жаш балдар оюн ойноп, таттууларды жеп эс алышат.

Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Бириккен улуттар уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган.

Эмне себептен 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү катары тандап алынган?

Эл ичинде айтылып жүргөн жоромолдордун бири - 1925-жылы 1-июнда АКШнын Сан-Франциско шаарында кытайлык жетим балдарга арналып атайын иш-чара уюштурулган.

1-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан