Ош шаардык милициянын жетекчилиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алды

Ош шаардык милициянын жетекчилиги балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата белектерин тартуулашты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Мамасейитов жана башкармалыктын жетекчисинин орун басары Таалайбек Нурбаев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда болушту. Жетекчилик ал жерде дарыланып жаткан өспүрүмдөрдүн ден соолугунан кабар алып жана борборго материалдык жардам көрсөтүп, белектерди, таттууларды тапшырды.

Мындан сырткары өспүрүмдөргө театрлаштырылган музыкалык оюн-зоок уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн маанайын көтөрүштү. Ал эми келген коноктор өспүрүмдөрдүн көрсөткөн таланттарына күбө болушту.
Борбордун тарбиялоочулары менен биргеликте өспүрүмдөрдүн жашоо-шарты менен таанышышты жана айрым кемчиликтерге жакындан жардам көрсөтө тургандыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан