31-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы жалпы дин кызматкерлерине айтын тигилген бирдиктүү формаларды тапшырды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саамалыкка Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдыманап Масалиев, муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев катышып, дин кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.
"Дин кызматкерлери эл аралап жүрөбүз. Дайыма формабызды кийип, түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзөлү. Форма айылдык имамдарыбызга чейин тигилди. Эми бирдиктүү формага өтөлү",- деп билдирген Замир Ракиев өз сөзүндө.