Бүгүн, 1-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдына бир нече адам чогулду. Алар Сузактагы мектепте мугалим тарабынан сабалган кыздын укугу корголбой жатканын, мугалимди жумуш ордунан алып укуктук баа берүүнү талап кылышууда.
"Биз ал аялдын интервьюсунан эч кандай педагогикалык билими жок экенин көрдүк. Мугалим 5 жыл билим алып анан мугалим болот. Бул жерде 1 айлык курсту бүткөм деп жатат, өзүнүн, окуучулардын алдында жоопкерчилиги жок аялды ким балдардын аудиториясына киргизген. Бул кыз психологиялык жактан жабыркады. Ал окуяда кыз өзүн коргогон. Балада да эмоция, жан дүйнө бар", - дейт жарандык активист Гүлбарчын Жумабаева.