Жети-Өгүз районунун акими: “Мен депутаттардын Сарууга келиши боюнча эч кандай жалган маалымат тараткан эмесмин”

“Мен парламент депутаттарынын Саруу айылына келиши тууралуу эч кандай жалган маалымат берген жокмун”,- деп билдирди SUPER.KG порталына Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров. “Мен Жогорку Кеңештин фракцияларынын депутаттары Сарууга келет деп асмандан алып айткан жокмун. Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы эл менен жолугушууда айткан. Анын сөзүн мен кайталагам. Бир эле “Республика” эмес, башка фракциянын депутаттары келе турганы боюнча сөз болгон”,- деди аким.   

Айта кетсек, бүгүн, 29-ноябрда ЖКда “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов ММКларга жалган маалымат таратты деп аталган акимди айыптаган болчу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан