Ички иштер министрлигинин Криминалисттик кызматы түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгын белгилөөдө

Бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин Криминалисттик кызматынын түзүлгөнүнө 98 жыл толду. Аталган кызматтын кызматкерлери кесиптик майрамын жумуш ордуларында тосууда.

Бул кызмат укук коргоо органдарынын тутумундагы эң маанилүү бөлүктөрдүн бири деп эсептелет. Көп учурда эксперт-криминалисттердин жардамы менен гана кылмышкерлерди таап, резонанс жараткан иштерди ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан 98 жыл мурун Кара-Кыргыз автономиялык облусунун кылмыш иликтөө түзүмүндө фотограф, дактилограф, графолог жана куралчан төрт адистен турган биринчи криминалисттик лаборатория иштей баштаган.

Бүгүнкү күндө техникалык жактан жакшы жабдылган эксперттик-криминалисттик борборлор региондордун бардык Ички иштер башкармалыктарында иштейт, бул жааттагы адистер милициянын көпчүлүк райондук жана шаардык бөлүмдөрүндө кызмат өтөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан