Сузакта мугалимден токмок жеген окуучу кызга басым жасалып жатканы айтылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалим кол көтөргөн окуучуга психологиялык басым болуп жатканы айтылды. Бул туурасында бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Винера Раимбачаева айтып чыкты.

Депутат белгилегендей, учурда окуучу ооруканада жатат. Ошондой эле өспүрүмдүн ата-энеси оорулуу.

"Окуучуга мугалимдер жана райондук администрация психологиялык басым жасап жатат. Биз мугалим менен окуучунун укуктарын бузбашыбыз керек. Маселенин акыйкат чечилишине уруксат берилиши керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган.

Сабалган кыздын окуя тууралуу айтканы бул шилтемеде, ал эми апасынын пикирин бул жерден, ошондой эле мугалимдин кечирим сураганы шилтемеге өтүп окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан