Бишкек шаарына чүкөнүн инсталлияциясы коюлду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чүкөнүн инсталлияциясы Бишкек шаарындагы Калык Акиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине коюлган. Бул улуттук кыргыз маданиятынын маанилүү бөлүгү болуп саналат, ошондой эле борбордун эстетикалык көрүнүшүнө жагымдуу таасирин тийгизет.