Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде семинарга катышты

Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ахмет Садык Доган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде семинарда сөз сүйлөп, Түрк жана Кыргыз өлкөсүнүн эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн жанын берген адамдарды эскерди.

"Урматтуу достор, боордош кыргызстандыктар.

Биздин бул чыккынчылар, элинин жана улутунун душманы болгондор менен болгон күрөшүбүз Түркиянын сырт жагында да уланууда. Биз бул структуранын Кыргыз өлкөсүндө болгон ордун сактап калууга жана эки өлкөнүн мамилесин бузууга болуп жаткан аракеттерин байкап жатабыз. Жыйынтыгында, айрым адамдарды аталган семинар Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болуп жатканы түйшөлтүп, алар бабасы Манас атанын атын алып жүргөн окуу жайдын лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышты. Бул ФЕТО. Ал алгач адамды апасына, атасына анан улутуна, мамлекетине жана элине душман кылат.

Менин боордош кыргызстандыктарым акыйкат үчүн күрөшө албай, жалган үчүн өзүнөн баш тарткандарды жеңет. Бактыга жараша, биздин күрөш туура багытта бара жатат", - деп билдирди Доган өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан