"Жайылууда". Маймыл чечеги оорусу Европанын дагы эки өлкөсүндө катталды

Норвегия менен Венгрияда Африкада чыккан маймыл чечек оорусу расмий түрдө катталды. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

Венгриянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Сесилия Мюллер өлкөдө маймыл чечек оорусунун биринчи учуру катталганын билдирген. Анда оору 38 жаштагы адамдан табылган. Анын акыркы убакта чет өлкөгө чыгып келгени текшерилүүдө.

Ал эми Норвегияда маймыл чечек оорусу табылган жаран жакында эле Европа өлкөлөрүнө барып келген. Норвегиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги оору аныкталган бейтап менен байланышта болгондорду изилдеген. Оорунун жайылып кетүүсү азырынча төмөн.

Буга чейин Нигерияда ушул жылдын жаз мезгилинде эпидемия башталгандан бери маймыл чечек оорусунан алгачкы бейтап каза болгондугу кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан