Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Алтын балалык" үчүн Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылыгын билдирди

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-июнда Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун ачылышына катышууда.

Президент сүйлөгөн сөзүндө "Алтын балалык" былтыр март айында абалы кейиштүү экенин айтып, аны 2022-жылдын 1-июнуна чейин саламаттыкты сактоо министрине бүтүрүүгө тапшырма бергенин билдирди.

"Бул борборго бүгүндөн баштап 15-сентябрга чейин республикабыздын ар кыл райондорунан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн балдар келип эс алып турушат. Ар он күн сайын 250 бала кабыл алынып турат.

Ушул багыттагы иш-аракеттерибиздин бири болгон "Ден соолук" медициналык-реабилитациялык комплекси ишин ийгиликтүү баштап кетсин! Дарыланууга келген балдарыбыз сак-саламат сакайып чыксын деп тилек кылалы.

Балдарыбыздын асманы ачык, ар бир күнү көңүлдүү өтсүн! Ден соолугу чың болуп, мекенин сүйгөн, мекени үчүн күйгөн, мекени үчүн ак кызмат кылган эр-азаматтардан болуп чоңойсун!

Сөзүмдүн аягында айтарым, урматтуу мекендештер, жогоруда айтып өттүм, былтыр март айында келип комплекстин абалы абдан кейиштүү экенин көрүп, министрге тапшырма берген элем “ушул комплексти 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата бүтүрүп, ишке киргизели” деп. Өзүңүздөр күбө болгондой, балдардын биринчи агымы келип түштү. 10-15 күндүк майда-чүйдө жумуштары калыптыр. Аларды параллелдүү бүтүрө берсе болот. Ушунун баарын уюштуруп, бир жылдан ашуун эмгектенген куруучуларыбызга, ар тараптан демөөрчүлөрдү таап курулуш иштерин бүтүргөн министрибизге терең ыраазычылык билдирип кетели", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан