Чеченстандын "Ахмат Кадыров" атайын полкунун командиринин орун басары Заур Димаев Украинадагы Камышеваха айылында Украинанын аткылоосунан улам каза болду. Бул тууралуу BAZA басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, аткылоо 31-май күнү күндүз болгон. Анда Чеченстандын "Ахмат Кадыров" атайын полкунун аскерлери отурган УАЗ Патриот унаасын украиналык аскерлер аткылаган.
Аткылоонун кесепетинен чеченстандык подполковник Заур Димаев жана анын айдоочусу каза болуп, 4 адам жабыркаган.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров бул маалыматты азырынча тастыктай элек.