Жалал-Абадда милиция кызматкерлери балдарга майрамдык шаң тартуулашты

Бүгүн Жалал-Абад ШИИБинин балдар менен иштөө инспекциясы 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата окуусунда жакшы жетишкендиги жана өзгөчө таланты, шыгы бар «Эверест» менчик мектебинин 6-классынын окуучусу Баястан Кутмановго белектерди ыйгарды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баястандын өзгөчөлүгү пластилинден адам фигураларын, айрыкча милиция жана аскер кызматкерлерине окшотуп оюнчуктарды жасайт. Келечекте милиция кызматкери болом деген кыялы бар.

Мындан сырткары майрамдын салтанатты улай Жалал-Абад шаарында жайгашкан "Бакыт" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан балдарга да акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ошону менен катар облус аймагындагы бардык шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан балдар эс алуучу жайлар, оюн-зоок иш-чаралары өтүп жаткан жерлерде коомдук тартипти камсыздоо менен биргеликте, айрыкча Тогуз-Торо, Сузак жана Ала-Бука райондорунда мектеп окуучуларынан, атүгүл бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөрдөн да кабар алышып, тарбия берип жаткан агай-эжекелерин да куттукташып, балдар үчүн даярдалган белектерин, таттууларын жана куттуктоолорун беришип, майрамдык маанай тартуулашууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан