Бишкектеги гезит саткан күркөлөр жана павильондор алынат

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү күркөлөр жана павильондор алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Гезит саткан күркөлөр шаардын көркүн бузууда. Аларда күмөн санаткан азыктар сатылууда. Ээлери коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн келишим түзүшпөйт. Бул заманбап жана ыңгайлуу шаардын стандарттарына жетүү үчүн жасалган алгачкы кадам", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, алардын ордуна шаардын архитектурасына дал келген бир типтүү павильондор орнотулат. Бирок эскиздери азырынча бекитиле элек.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы гезит саткан күркөлөрдүн ишмердүүлүгүнө кысым болуп жатканы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан