Кыргыз цирки алгачкы жолу балдар жөнүндө жомок койду (фото)

Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки балдар үчүн “Сулуу кыз жана желмогуз” жомок-спектаклин койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жомоктун меймандары болуп кичинекей бөбөктөр чакырылган.

Жомоктун башында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, сабактарды жалаң беш деген баага окууга, ата мекенди жана китепти сүйүүгө чакырып, бекем ден соолук каалады. Министр өз сөзүндө майрамдын урматына Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки жомок- спектаклди иштеп чыгып, майрамдык белек катары акысыз негизде коюп жатканын айтып, көңүлдүү маанай каалап өттү.

Эске салсак, аталган майрамдык күндүн урматына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркине 6 айлык мөөнөттө жаңы форматтагы спектакль жомок иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилип, ишке ашырылды.

Атайын чакыруу менен келген бөбөктөр мындай майрамдык маанай тартуулаган уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан